Иран 7-июлдан тартып уран байытууну 2015-жылкы өзөктүк келишимде белгиленген 3,67% ашырды. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи билдиргенин агенттиктер жазышты. Ал Тегеран ар бир алтымыш күндө келишимде өзүнө алган милдеттенмелердин биринен баш тартарын билдирди.
Бирок Тегеран дүйнөлүк алты держава менен түзүлгөн макулдашуудан толук чыкпай жана аны жокко чыгарууну көздөбөй турганын кошумчалады.
Иран бийлиги май айынын башында келишимдин алкагында өзүнө алган милдеттенмелерин акырындан кыскартарын билдирген.
2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар алынышы керек эле.
Бирок былтыр президент Дональд Трамп келишимде Ирандын ракеталык программасы жана Жакынкы Чыгыштагы күмөндүү аракеттери эске алынбай калганын жүйө кылып, АКШ макулдашуудан чыгаарын жарыялаган. Ага улай Иранга салынган санкциялар кайра жандандырылып, Вашингтон менен Тегерандын ортосунда чыңалуу күчөдү.