Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Чымкентте кармалгандардын айрымдары бошотулду


Чымкенттеги кармоо. 6-июль, 2019-жыл.
Чымкенттеги кармоо. 6-июль, 2019-жыл.

Казакстандын Чымкент шаарында 6-июлда кармалгандардын айрымдары бошотулду. Алардын бири Данияр Байтилеу полиция кармалган адамдардын манжаларынын тагын алып, сүрөткө тартып, түшүнүк кат жаздыргандан кийин коё бергенин билдирди. Алардын көбүн алты сааттай кармашкан. Жалпысынан бул күнү шаардын борбордук аянтына чыккан 50дөй адам кармалган. Алардын баарына «мыйзамсыз митингге катышкан» деген айып коюлду.

Баш калаа Нур-Султандын күнү жана биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин туулган күнү 6-июлда жарандарды нааразылык акцияларына чыгууга «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын жетекчиси, бозгундагы банкир Мухтар Аблязов үндөгөн.

Нааразылык акциялары Нур-Султан, Алматы, Чымкент шаарларында өттү. Баш калаада жана Алматы шаарында да жүздөгөн адам кармалганы маалым болду.

XS
SM
MD
LG