Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:27

«Copa America-2019»: Бразилия чемпион болду

Бразилиянын курама командасы.
Бразилиянын курама командасы.

Футбол боюнча Түштүк Америка өлкөлөрүнүн кубогу жыйынтыкталып, Бразилия чемпион аталды. Түндө Бразилиянын футболчулары финалдык оюнда Перу менен талаага чыкты. Оюн кубок үчүн болгону менен Бразилия атаандаштарына толук үстөмдүк орнотуп алды.

Жыйынтыгында 3:1 эсеби менен үй ээлери болуп саналган Бразилия чемпионатты утуп, кубокту алып калды.

Ал эми үчүнчү орун үчүн оюнда Аргентина Чилини 2:1 эсебинде жеңип, коло медалдын ээси болду.

Бразилия тогузунчу жолу «Копа Американы» жеңди. Бул кубокту эң көп жеңген өлкө Уругвай болуп эсептелет. Алар тарыхында 15 жолу чемпион аталган. Ал эми Аргентина 14 ирет футбол боюнча Түштүк Американын чемпиону болгон. (SDz)

XS
SM
MD
LG