Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

Укук коргоочулар: Сирияда Орусиянын операциялары 544 кишинин өмүрүн алды

Сириялык аял Орусиянын соккусу деп бааланган аба чабуулунда кыйраган турак жайдан буюмдарын чогултуп жүрөт. Май, 2019-жыл.
Сириялык аял Орусиянын соккусу деп бааланган аба чабуулунда кыйраган турак жайдан буюмдарын чогултуп жүрөт. Май, 2019-жыл.

Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында өкмөттүк аскерлердин Орусия менен бирге өткөргөн эки айдан берки операцияларында 544 карапайым жаран каза болуп, эки миңден ашууну жаракат алды.

Бул тууралуу «Reuters» агенттиги Британияда жайгашкан жана Сириядагы адам укуктарынын сакталышына байкоо жүргүзгөн борборго (SNHR) таянуу менен кабарлады. Аймакта Орусия менен Сириянын биргелешкен аскердик операциясы эки ай мурун башталган.

Укук коргоо уюму козголоңчулар көзөмөлдөгөн Идлибде жана ага жакын жайгашкан аймактарда аскерлер карапайым элге атайын сокку уруп, ооруканаларды бомбалап жатканын кошумчалады. Буга чейин «Human Rights Watch» уюму операцияларда кассеталык курал колдонулуп жатканын билдирген.

Москва менен Дамаск бул маалыматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG