Бүгүн Бишкекте жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку упай алган бүтүрүүчүлөргө арналган салтанат өттү.
Иш-чарага мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков катышып, 10 миң сому бар «Алтын сертификат» тапшырды.
Мындай сертификатка быйыл 52 улан-кыз татыктуу болду. Алардын 19у Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келгендер.
Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 47 440 бүтүрүүчү катышкан. (AiN)