Бүгүн Кыргызстанда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру башталды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, эки күн талондор кабыл алынып, 11-июлда экземенге уруксат алгандардын тизмеси жарыяланат.
Экинчи тур 15-июлда башталып, 20-июлда жыйынтыкталат.
Ал эми үчүнчү тур министрликтин уруксаты менен 22-27-июлда өтөт.
Быйыл республика боюнча 2262 мектепте 9-классты 95 миң, 11-классты 61 миң улан-кыз аяктады. (RK)