Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:21

Орусия менен Грузиянын ортосунда авиакаттам толук токтоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда Грузия менен аба каттамын токтотуу тууралуу жардык 8-июлда күчүнө кирди. «Аэрофлот» компаниясынын соңку учагы Тблисиден 8-июлда таңга маал учуп келди.

Орусиянын транспорт министри Евгений Дитрих орус авиакомпаниялары Грузияга учпай калгандан кийинки чыгымы болжол менен 3 миллиард рубль деп эсептелип жатканын маалымдаган. Анын алдында расмий Москва аба компанияларына материалдык жардам көрсөтүлөт деп убада берген.

Грузиядагы Орусияга каршы нааразылык акцияларына байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путин орус учактарына 8-июлдан тартып Грузияга учууга тыюу салган. Өлкөнүн Транспорт министрлиги грузин учактары да Орусияга кондурулбай турганын билдирген.

Орусиянын расмий органдарынын маалыматына ылайык, былтыр Грузияга 1,29 миллион адам барган.

Тбилисиде 20-июнда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Гавриловдун айынан нааразылык акциялары башталган. Депутат Грузияга Православ өлкөлөрүнүн парламент аралык ассамблеясына төрагалык кылыш үчүн барган. Оппозиция Гавриловдун парламентте төрдө спикердин ордуна отуруп алып жыйын өткөргөнүнө кыжырданган жана алар муну Грузияны сыйлабастык катары баалап жатышат. Бул окуядан кийин грузин парламентинин төрагасы Ираклий Кобахидзе кызматтан кеткен.

Грузиндер Гавриловду орус президенти Владимир Путиндин өнөктөшү катары көрүшөт. Алар аны жикчил Түштүк Осетия менен Абхазия боюнча Орусиянын саясатын колдойт деп сындап жатышат.

XS
SM
MD
LG