Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:10

Башкы прокуратура Конгантиев боюнча чечим кабыл ала элек


Молдомуса Конгантиев.
Молдомуса Конгантиев.

Башкы прокуратура Молдомуса Конгантиевге карата чыккан чечимге байланыштуу шаардык сотко кайрыла элек.

Бул тууралуу бүгүн 8-июлда «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Жаркынай Азиева билдирди. Анын айтымында, апелляциялык арыз берилеби же жокпу, соттун чечими колго тийгенден кийин белгилүү болот.

- Мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө чечим бизге берилгенден кийин ал маселе каралат. Азыркы учурда чечим келип түшө элек, - деди ал.

5-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди актаган. Анын адвокаты Икрамидин Айткулов прокуратура он күн аралыгында бул чечимге каршы шаардык сотко кайрылса болорун билдирген.

Конгантиевге 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдын апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон.

Прокуратура Конгантиевди алты жылга камап, 100 миң сом айыппул салууну суранган.

Анын 2010-жылдагы окуяларындагы аракеттерине байланыштуу козголгон кылмыш иши кыскарып кеткени былтыр ачыкка чыккан. Бул чечим коомчулукта сынга кабылгандан кийин президент Башкы прокуратурага ишти иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган.

XS
SM
MD
LG