Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:54

БУУ: бир жылда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан 50 миңдей аял ажал тапты

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын жаңы баяндамасына ылайык, 2017-жылы дүйнөдө 87 миңдей кыз-келин киши колдуу болгон, аялдардын 50 миңге чукулун өнөктөшү, жакын туугандары өлтүрүп койгон. 

Мындай мыккаачылыктын көбү (20 миңге чукул) Азия чөлкөмүндө катталган. Африкада 19 миңдей, Америка континентинде 8 миң, ал эми Европада 3 миң аял өнөктөшүнүн жана туугандарынын колунан ажал тапкан. 

Уюмдун баяндамасында жазылгандай, 2012-жылдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу дүйнө жүзүндө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан өлгөн аялдар көбөйүп жатат. 

2018-жылы Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан 62 аял каза болуп, 288и жаракат алган. Бул тууралуу «Аялдар демократиялык тармагы» коомдук фонду билдирген. Анын иликтөөсүнө ылайык, үй-бүлөдөгү зомбулуктан каза болгондор жана жабыркагандар жыл сайын көбөйүп жатат. 

2016-жылы 16 аял каза болуп, 176сы жаракат алган. Ал эми 2017-жылы 13 аял каза болуп, 189у жабыр тарткан.

XS
SM
MD
LG