Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

Жээнбеков: Баткендеги чек ара көйгөйүн чечүү багытында ырааттуу иш жүргүзүлөт


Баткендин чек ара маселесин талкуулаган жыйын. 8-июль, 2019-жыл.
Баткендин чек ара маселесин талкуулаган жыйын. 8-июль, 2019-жыл.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июлда президенттик аппараттын, Коопсуздук кеңешинин, күч органдарынын жана Баткен облусунун жетекчилигин чогултуп, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу маселесин талкуулады.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйында Баткендеги көйгөйлөр тууралуу сөз болду. Жээнбеков аларды чечүү багытында ырааттуу иш жүргүзүлө тургандыгын баса белгиледи.

- Коңшуларыбыз менен достук мамилени сактоо жана өнүктүрүү Кыргызстан үчүн маанилүү. Муну менен бирге, чек арага жакын жайгашкан аймактардагы элдин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, жашоо деңгээлин жогорулатуу, ички жана тышкы миграцияны азайтуу, инфратүзүм объектилерин куруу да абдан маанилүү, - деп мамлекет башчысы.

Өткөн аптада Жээнбеков Баткен облусунда иш сапарда болгон.

XS
SM
MD
LG