Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:15

Орусия: Евкуров коргоо министринин орун басары болду


Юнус-Бек Евкуров.
Юнус-Бек Евкуров.

Орусиянын президенти Владимир Путин Ингушетиянын мурдагы башчысы Юнус-Бек Евкуровду коргоо министринин орун басары кылып дайындады. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайтында жарыяланды. Ага ылайык, Евкуров генерал-лейтенант наамындагы кызматка барды.

Юнус-Бек Евкуров өз эрки менен кызматтан баш тартарын 25-июнда күтүүсүз жарыялаган.

Путин 26-июнда Евкуровдун кызматтан кетүү жөнүндө арызын канааттандырган. Анын ордуна Ингушетиянын башчысынын милдетин аткаруучу кылып Махмуд-Али Калиматовду дайындаган.

Айрым орусиялык басылмалар Евкуров коргоо министри Сергей Шойгунун 12-орун басары болуп барарын, ал Куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгы менен алектенерин жазышкан.

Былтыр сентябрь айында Евкуров Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров менен эки өлкөнүн ортосундагы чек араны бекитүү боюнча макулдашууга кол коюшкан. Анда Чеченстанга Ингушетиянын көп жери алда качан өтүп кеткени айтылган жана бул ингуш коомчулугунда чоң нааразылык жараткан. Мунун айынан митингдер болгон, полиция менен тургундар кагылышып, ондогон адам кармалып, кылмыш иштери козголгон.

Юнус-Бек Евкуров Ингушетияны 11 жыл башкарды.

XS
SM
MD
LG