Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Швейцарияга үч күндүк расмий иш сапары менен барат.
Президенттик аппараттын маалыматына караганда, Жээнбеков Швейцариянын президенти Ули Маурердин чакыруусу менен бармакчы.
Анын расмий иш сапары 9-июлда башталып, 11-июлга чейин уланат. Сапардын жүрүшүндө ал Швейцариянын президенти Ули Маурер, Федералдык жыйындын Улуттук кеңешинин төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан менен жолугушуулары белгиленген. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө экономика, финансы, туризм, региондорду таза суу менен камсыз кылуу багытында документтерге кол коюу планы бар.
Мындан тышкары президент Швейцариядагы чоң ишкерлер менен кездешет. Ага Кыргызстандан барган ишкерлер да катышары айтылды.