Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен телекөпүрө форматында берүү уюштурганы жаткан «News One» телеканалынын аракетине комментарий берип жатып, украиналыктарды манипуляцияга алдырбоого чакырды. Ал Путинге кайрылып, Крым кимдики экенин талкуулап алууну сунуш кылды:
- Сүйлөшүү компаниясына сизди, мени, АКШнын, Британиянын, Франциянын президенттерин, Германиянын канцлерин кошууну сунуш кылам. Менимче, Лукашенко бизди Минскте кабыл алат деп ишенем,- деди ал.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Зеленскийдин чакырыгына Орусиянын жообу азырынча даяр эмес экенин, бирок аны сөзсүз карап чыгарын айтты.
Беларус президентинин басма сөз кызматы өлкө башчы Александр Лукашенко бул демилгени колдой турганын билдирди.
«Россия 1» телеканалынын алып баруучусу Дмитрий Киселев 7-июлда украиналык «News One» каналы менен телекөпүрө уюштуруларын билдирген.
Бирок эки каналдын 12-июлга белгиленген программасы болбой калган. Телеканалдын жетекчилиги муну «берүүнү даярдап жаткан журналисттер жана алардын жакындары коркутууга кабылганы» менен түшүндүргөн. Бирок кимдер коркутуп жатканын тактаган эмес.
Украинанын Башкы прокуратурасы Орусия менен телекөпүрө форматында берүү уюштурганы жаткан «News One» телеканалына «мамлекетке чыккынчылык кылган» деген айып менен кылмыш ишин козгогону кийинчерээк маалым болгон. Башкы прокурор Юрий Луценко алып баруучулардан тартып телеканалдын кожоюндарына чейин суракка чакырылганын кабарлады. Андан сырткары каналдын активдерин камакка алыш үчүн сотко доо арыз даярдалып жатканы белгиленди.