Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:29

Атамбаев Тергөө кызматына суракка барбай турганын айтты


Алмазбек Атамбаев. Кой-Таш айылы. 27-июнь, 2019-жыл.
Алмазбек Атамбаев. Кой-Таш айылы. 27-июнь, 2019-жыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Тергөө кызматына суракка барбай турганын айтууда. ИИМдин Тергөө кызматынын чакыруусуна ылайык, Атамбаев мекемеге бүгүн, 9-июлда эртең менен күбө катары суракка келүүгө тийиш.

Милиция кызматкерлери чакырууну ага 8-июлдун кечинде Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылындагы үйүнө жеткирип беришкен. Чакыруу келгенден кийин Атамбаев өз үйүнүн алдында турган тарапкерлерине чыгып, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда ал суракка баруу ниети жок экенин билдирди.

ИИМдин Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу быйыл жыл башында жанданган кылмыш ишин иликтеп жатат.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президенттик жана кол тийбестик макамынан ажыраткан. Ага чейин, 25-июнда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу боюнча жеке өзү тапшырма бергенин билдирген. Мурдагы президент жана анын тарапкерлери муну ага «көө жабуу» аракети катары сыпатташкан.

Анын ондогон тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы үйүндө чогулуп турушат. (NT)

XS
SM
MD
LG