Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

АКШ: Иранга карата басым улантылат


Ирандын Арактагы өзөктүк ишканасы.
Ирандын Арактагы өзөктүк ишканасы.

АКШ Ирандын уран байытууну күчөткөнүнө жооп иретинде ага басым улана турганын билдирди. Кошмо Штаттардын вице-президенти Майк Пенс 8-июлда «Вашингтон Ирандын өзөктүк куралдуу болушуна эч качан жол бербейт» деп айтты.

Уран байытуунун деңгээли 2015-жылдагы өзөктүк келишимде белгиленген 3,67% чектен 7-июлдан тартып ашырыла турганын Ирандын Атом энергетикасы боюнча агенттигинин басма сөз катчысы Бехруз Камалванди кабарлаган.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, буга жооп иретинде Тегеранга салынган эл аралык санкциялар алынышы керек эле. Бирок былтыр АКШ президенти Дональд Трамп келишимде Ирандын ракеталык программасы жана Жакынкы Чыгыштагы күмөндүү аракеттери эске алынбай калганын жүйө келтирип, өз өлкөсү макулдашуудан чыгарын маалымдаган.

Ага улай Иранга салынган санкциялар калыбына келтирилип, Вашингтон менен Тегерандын ортосунда чыңалуу күчөгөн.

Иран өзөктүк курал жасоону көздөй тургандыгы жөнүндө Батыш өлкөлөрүнүн шектенүүсүн такай четке кагып келет.

2015-жылдагы келишимге ылайык, он жыл ичинде уранды байытыш үчүн колдоно турган центрифугалардын саны 5 миң 60тан, байытылган урандын көлөмү 15 жыл ичинде 300 килограммдан, ал эми уранды байытуунун деңгээли 3,67% жогору болбоого тийиш экени көрсөтүлгөн.

2015-жылы келишимге кол койгонго чейин Иран уранды 20 пайыздык деңгээлге чейин, ал эми көлөмүн 10 000 килограммга чейин өндүрүп келген.

XS
SM
MD
LG