Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:33

Ирандын кадамы, АКШнын эскертүүсү


Ирандын Арак өзөктүк ишканасы.
Ирандын Арак өзөктүк ишканасы.

АКШ президенти Дональд Трамп Иранды «от менен ойноп жатат» деп эскертти. Бул тууралуу ал Иран уран байытуунун көлөмүн көбөйткөнүн жарыялагандан кийин айтты.

Иран уран байытуунун көлөмүн көбөйтүп жатканын Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) да ырастап, Иран АКШнын эл аралык келишимден чыкканына жооп кайтарып жатканын билдирген.

1-июлда Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып АКШнын президенти Дональд Трамп Иранды «от менен ойноп жатат» деп эскертти:

Дональд Трамп. 1-июль, 2019-жыл.
Дональд Трамп. 1-июль, 2019-жыл.

«Алар эмне кылып жатканын билишет. Эмне менен ойноп жатканы тууралуу да кабардар. Менимче, алар от менен ойноп жатышат».

1-июлда Иран уран байытуунун көлөмүн 2015-жылдагы келишимде белгиленген чектен - 300 килограммдык лимиттен көбөйткөнүн жарыялаган. Бул - бир жыл мурда АКШ ал келишимден бир тараптуу чыгып кеткенден бери Тегеран анын шартын бузган биринчи ири кадам.

Иран уран байытуунун көлөмүн арбытканын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф да ырастады. Анын айтымында, эгер Европа өлкөлөрү келишимди сактап калууга аракет кылбаса, Тегеран уран байытуунун көлөмүн гана эмес, деңгээлин да жогорулатат.

Мухаммад Жавад Зариф.
Мухаммад Жавад Зариф.

«Биздин кийинки кадам уранды келишимде каралган 3,67 пайыздан жогору байытуу болот. Европалыктар келишимдин алкагында Ирандын кызыкчылыгын коргош үчүн эч нерсе кылышкан жок», - деди ал.

Байытылган уран Иранда энергия өндүргөн өзөктүк реактордо отун катары пайдаланылат. Ошондой эле ал өзөктүк курал жасоодо колдонулат.

2015-жылдагы келишимге ылайык, он жыл ичинде уранды байытыш үчүн колдоно турган центрифугалардын саны 5 миң 60тан, байытылган урандын көлөмү 15 жыл ичинде 300 килограммдан, ал эми уранды байытуунун деңгээли 3,67% жогору болбоого тийиш экени көрсөтүлгөн. Атомдук курал үчүн керектелген уран 90 пайызга чейин байытылат.

Иран өзөктүк курал жасоону көздөйт деген Батыш өлкөлөрүнүн шектенүүсүн Тегеран такай четке кагып келет. Урандын деңгээлин жарандык максатта 3,67% чейин байытууга уруксат берилет.

2015-жылы келишимге кол койгонго чейин Иран уранды 20 пайыздык деңгээлге чейин, ал эми көлөмүн 10 000 килограммга чейин өндүрүп келген.

Дональд Трамп Ирандын өзөктүк программасы боюнча Тегеран менен АКШ, Германия, Британия, Франция, Орусия, Кытай кол койгон келишимди чийки деп баалап, былтыр майда андан чыгып кеткен жана Иранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Тегеран келишимди сактап калуу максатында ага кол койгон Европа мамлекеттерине улам-улам чакырык таштап, эгер алар келишимди сактап калуу боюнча чара көрбөсө, жакын арада анын айрым шарттарын аткаруудан баш тартаарын эскертип келген.

Ал арада Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант Лондон Тегеран менен түзүлгөн өзөктүк макулдашуудан баш тартышы ыктымал экенин айтты:

Жереми Хант.
Жереми Хант.

«Биз өзөктүк келишимди колдогонбуз. Төрт жыл мурда Барак Обама президент болуп турган кезде биз АКШ тарапта болдук. Бирок президент Дональд Трамп башка көз карашта болуп жатат. Биз бул келишимди сактап калууну каалайбыз, анткени Иранда өзөктүк курал болушун каалабайбыз. Бирок Иран келишимди бузуп жатса, биз да ошондой кылабыз».

Жереми Хант - Британиядагы премьер-министрлик кызматка башкы талапкерлердин бири. Анын эскертүүсү Тегерандын байытылган урандын көлөмүн көбөйтүү тууралуу билдирүүсүнө жооп болду.

АКШ былтыр макулдашуудан чыгып кеткенден бери Вашинтон менен Тегерандын ортосунда мамиле курчуду. Буга байланыштуу акыркы айларда Жакынкы Чыгышта кырдаал чыңалып турат.

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын өзөктүк куралын жасоо, Жакынкы Чыгышта туруксуздук жаратуу жана терроризмди колдоо аракетине чечкиндүү каршы турарын билдирип келе жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG