Линктер

жума, 18-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 08:36

Макрон: Согуштун кыскасы болбойт


Эммануэл Макрон

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Жапониядагы сапары учурунда АКШ президенти Дональд Трампты Иран менен сүйлөшүү жүргүзүүгө, эгер башталып кетсе, Жакынкы Чыгышты кыйроо алып келе турган согушту болтурбай калуу жолдорун издөөгө ынандыруу ниетин билдирди.

Франциянын президенти Эммануэл Макрондун айтымында, ал мамилеси мурдагыдан да курчуп турган Иран менен АКШга ортомчулук кылууга аракеттенип жатат. “Кыска согуш болбойт. Биз ал качан башталарын билебиз, бирок качан аяктарын билбей калабыз” деди Макрон:

"Биз Ирандагы чыңалууну жоюуга жетишүүбүз керек. Ошондой эле Корей жарым аралындагы коопсуздукту камсыздоону улантуубуз зарыл".

Жапонияда 28-июнда «Чоң жыйырманын» саммити башталууда. Макрон АКШ президенти Дональд Трамп менен ушул саммиттин алкагында жолугушмакчы.

Иран Перс булуңунда 20-июнда АКШнын пилотсуз учагын атып түшүргөндөн бери эки өлкө ортосунда чыңалуу мурдагыдан да күчөдү. Тегеран америкалык пилотсуз учак өлкөнүн түштүгүндөгү Хормозган провинциясында атып түшүрүлгөнүн кабарлаган. АКШ окуя Ирандын аймагында эмес, Ормуз кысыгында болгонун билдирүүдө.

АКШнын Иран боюнча атайын өкүлү Брайан Хук француз, немис жана британ дипломаттары менен Перс булуңундагы кризис боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Парижге келди. Вашингтондон айырмаланып, 2015-жылы Тегеран менен түзүлгөн келишимди сактап калууга Орусия, Кытай, Германия, Франция жана Улуу Британия аракет кылып келе жатат. Ага ылайык, Иран өзөктүк программасын токтотмок. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган санкцияларды алуу каралган.

Трамп Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимден былтыр аны чийки деп атап, чыгып кеткен. Андан бери Кошмо Штаттар Иранга каршы кабат-кабат экономикалык санкцияларды киргизди.

Тегеран келишимди аткарууга макул экенин, бирок эч кандай экономикалык пайда көрбөгөн соң аны дайыма эле сактай бербей турганын эскертүүдө. 26-июнда Ирандын өкүлү Улуу Британияны, Францияны жана Германияны азыр арасат абалда турган келишимди сактап калуу боюнча айкын кадамдарды жасоого чакырды.

Тегеран 17-июнда европалык өлкөлөргө мөөнөт чектеп, эгер тиешелүү кадамдар жасалбаса, келишимдеги шарттарды аткаруудан баш тарта турганын эскерткен. Андай шарттардын бири аяктады. Тагыраагы, Тегеран 27-июнда байытылган урандын резервине коюлган 300 килограммдык чекти көбөйтө турганын эскерткен.

"Өзүңүздөр билгендей, келишим Кошмо Штаттардын андан чыгып кетүүсүнөн жана санкцияларды калыбына келтиргенинен улам коркунучта турат. Алар өз санкцияларын калыбына келтирип, жаңы санкцияларды да киргизди. Биз азыр АКШ менен экономикалык согуштун ортосунда турабыз. Бул аскердик согуш эмес", - деди Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи.

Келишимге кол койгон өлкөлөр, анын ичинде европалык мамлекеттер Иранды келишимдин шарттарын сактоого жана чыңалууну күчөткөн кадамдардан оолак болууга чакырып жатат.

АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен эч кандай шарт койбостон сүйлөшүүгө даяр экенин айткан. Бирок Тегеран келишимдеги шарттар сакталып, санкциялар алынганда гана жолугушууга макул болорун билдирип жатат.

Ал эми Ирандын кошунасы, ошол эле кезде АКШнын өнөктөшү болгон Ирак Вашингтон – Тегеран чатагында кайсы бир тарапты колдобой турганын билдирди. Мындай пикирин Ирактын өкмөт башчысынын орун басары Тамер Гадхбан Лондондогу сапары учурунда айтты.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG