Линктер

шейшемби, 16-июль, 2019 Бишкек убактысы 20:15

Депутаттын уулунун аты аталып жаткан жол кырсыгынан дагы бир адам каза тапты


7-июлда Бактуу-Долоноту айылында болгон кырсык.

Депутат Алиярбек Абжалиевдин уулунун катышы бар деп сөз болуп жаткан жол кырсыгынан жабыркаган дагы бир адам ооруканада каза болду. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Азаттык» радиосуна билдиргенине караганда, ал реанимацияда жаткан.

Ысык-Көл облустук милициясынын маалыматына караганда, кырсык 7-июлда таңга жуук Бактуу-Долоноту айылында болгон.

«Lexus» жана «BMW Х7» машинелери кагылышып, «Lexus» автоунаасындагы үч киши ажал тапкан. Ошол эле кырсыктан жабыркаган бир адам реанимацияга түшкөн. Дагы экөө алгачкы медициналык жардам алып, үйүнө кое берилген.

Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков «Азаттыкка» Темирлан Токобеков аттуу адам ушул ооруканада дарыланып жатканын тастыктады. Мээси чайкалып, жамбашы сынганын, бирок өмүрүнө коркунуч жок экенин билдирди.

Маркумдардын жакындары «Азаттык» радиосуна кайрылып, «BMW X7» машинесин Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, 25 жаштагы Темирлан Токобеков айдап баратканын, бирок учурда кылмышты жашыруу, видеолорду өчүрүү аракети көрүлүп жатканын айтып даттанышты.

Милициянын маалыматында, «BMW Х7» Каракол тарапты көздөй бара жатып, каршы тилкеге чыга калган «Lexus» менен кагылышкан.

Машинелердин бирин Токобеков айдап баратканы тууралуу расмий маалымат жок.

Милиция машинени Чүй облусунун 23 жаштагы тургуну айдап баратканын, кырсыкка ким күнөөлүү экени экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин белгилүү болорун билдирди.

Азырынча Токобековдун өзү же жакындары менен байланышуу мүмкүн болбой жатат.

Абжалиев президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы экени маалым. (KE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG