«Ата Мекен» партиясы мындан аркы саясий позициясын лидери Өмүрбек Текебаевдин сотунун жыйынтыгына жараша аныктайт. Бул тууралуу 9-июлда «Азаттыкка» партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева билдирди:
- 16-июлда көрөбүз. Эгерде ошол күнү лидерибизге карата адилет чечим болбосо биз оппозицияга кетебиз. Парламенттик көпчүлүккө киргенде деле биз өзүбүздүн позициябызды айтканда дайыма “Силер коалициядасыңарбы же оппозициядасыңарбы?” деп айтышчу. Ошондуктан бизди бир дагы жаран “Силер туура эмес айтып жатасыңар” дей албайт. Биздин тарыхыбыз ошону көрсөтүүдө. Сооронбай Шариповичтин иштери туура эмес болсо аны бүгүн деле, эртең деле сындайбыз. Бирок бүгүн оппозициябыз деп расмий түрдө айта албайбыз.
Кыргызстандын Жогорку соту «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу 16-июлда кайра карайт.
Юристтер бул иштеги негизги күбө - Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн жалгандыгын далилдеген жаңы жагдайлар бар экенин билдирүүдө.
Быйыл февралда партиянын юристтери жана «Адилет» укук клиникасы Өмүрбек Текебаев жана аны менен кошо соттолгон мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароону өтүнүп, Жогорку сотко кайрылышкан. 3-майда Жогорку сот мурдагы өкүмдөрдү өзгөртүүсүз калтырган.
Эки саясатчы 2017-жылы орусиялык жарандын «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.
Экөө тең муну ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин саясий куугунтугу деп атап келишет. (BkA)