Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Депутаттын уулун айыптап жатышкан жол кырсыгы боюнча анын туугандары үн катты


7-июлда Бактуу-Долоноту айылында болгон кырсык.
7-июлда Бактуу-Долоноту айылында болгон кырсык.

«Депутат Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобеков Ысык-Көлдө төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына күнөөлүү эмес» деп анын туугандары 9-июлда «Азаттыкка» билдиришти.

Өзүн Каныбек Жакшыбаев деп тааныштырган адам Токобеков рулда болбогонун, айдоочунун жанында отуруп баратканын айтты.

Кырсык 7-июлда таңга жуук Бактуу-Долоноту айылында болгон.

«Lexus» жана «BMW Х7» машинелери кагылышып, «Lexus» автоунаасындагы үч киши ажал тапкан. Ошол эле кырсыктан жабыркаган бир адам реанимацияга түшкөн. Дагы экөө алгачкы медициналык жардам алып, үйүнө кое берилген. Реанимациядагы адам бүгүн көз жумганын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова айтты.

Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков «Азаттыкка» Темирлан Токобеков аттуу адам ушул ооруканада дарыланып жатканын тастыктады жана анын өмүрүнө коркунуч жок экенин билдирди.

- Мээси чайкалып, жамбашы сынган, - деди ал.

Милициянын маалыматында, «BMW Х7» Каракол тарапты көздөй бара жатып, каршы тилкеге чыга калган «Lexus» менен кагылышкан.

Маркумдардын жакындары «Азаттык» радиосуна кайрылып, «BMW X7» машинесин Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, 25 жаштагы Темирлан Токобеков айдап баратканын, бирок учурда кылмышты жашыруу, видеолорду өчүрүү аракети көрүлүп жатканын айтып даттанышкан.

Машинелердин бирин Токобеков айдап баратканы тууралуу расмий маалымат жок.

Милиция машинени Чүй облусунун 23 жаштагы тургуну айдап баратканын, кырсыкка ким күнөөлүү экени экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин белгилүү болорун билдирди.

Абжалиев президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы экени маалым. (KE)

XS
SM
MD
LG