Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Гонконг: премьер Кытайга экстрадициялоо тууралуу мыйзамды «өлүк» деп атады


Кэрри Лам.
Кэрри Лам.

Гонконгдун өкмөт башчысы Кэрри Лам Кытайга экстрадиция кылуу тууралуу мыйзамды «өлүк» деп атады. «Reuters» агенттигинин жазганына караганда, ал элдик толкундоолорду жараткан документти даярдоо иши толук кыйраганын мойнуна алган. Бирок Гонконгдун премьер-министри демонстранттардын башкы талабын - мыйзамды дароо артка чакыртып алуу тууралуу талапты аткарган жок.

Гонконгдо кырдаал бир айдан бери тынчыбай келатат. Бийликтин кылмышка шектүү адамдарды Кытайга экстрадициялоо тууралуу мыйзамды кабыл алуу планы калың элди нааразы кылган.

Жүз миңдеген киши катышкан демонстрациялардан кийин мыйзамды иштеп чыгуу бир нече убакытка токтотулган. Бирок демонстранттар долбоор толугу менен күн тартибинен алынышы керек деп эсетпешет.

Митингге чыккандар мыйзам күчүнө кирсе, Гонконг автономия укугунун бир бөлүгүнөн кол жууйт жана экстрадициялангандар Кытайдын сот системасында өзүн коргой албай калат деп чочулашууда. Ошондой эле алар Кытайдын бийлиги бул документти борбордук бийликти сындагандарды куугунтукташ үчүн колдонушу мүмкүн деп эсептешет.

1997-жылы Британиянын эски колониясы Гонконг өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга өткөрүлүп берилгенде сот системасы өз алдынча бойдон калышы керек деген шарт коюлган.

XS
SM
MD
LG