Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Мадуро менен Гуайдонун өкүлдөрү саясий кризисти жөнгө салууну сүйлөштү


Президент Николас Мадуро (солдо) менен оппозиция лидери Хуан Гуайдо.
Президент Николас Мадуро (солдо) менен оппозиция лидери Хуан Гуайдо.

Венесуэланын президенти Николас Мадуро менен оппозиция лидери Хуан Гуайдо өлкөдөгү саясий кризисти жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандырды. Кариб деңизинин Барбадос аралында 8-июлда өткөн сүйлөшүүгө алардын өкүлдөрү катышты. Мадуронун атынан жолугушууга байланыш жана маалымат министри Хорхе Родригес, ал эми Гуайдо тараптан парламент депутаты жана мурдагы министр келген. Бул сүйлөшүүлөргө Норвегия ортомчулук кылууда. Алгачкы сүйлөшүүлөр майда Норвегияда өтүп, бирок жыйынтыксыз аяктаган.

Акыркы сүйлөшүүнүн жыйынтыгы да азырынча белгисиз.

Жыл башынан бери Венесуэлада оппозиционер Хуан Гуайдонун тарапташтары менен азыркы президент Николас Мадуронун ортосунда тиреш уланууда. АКШ, Европа жана Түштүк Американын көптөгөн өлкөлөрү Гуайдону Венесуэланын легитимдүү убактылуу президенти катары тааныган. Мадурону Орусия, Кытай, Түркия, Иран, Куба жана Боливия колдоп турат.

XS
SM
MD
LG