Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:59

Жер ортолук деңизинен 100дөй качкын куткарылды

Жер ортолук деңизинен мигранттарды куткаруу учуру.
Жер ортолук деңизинен мигранттарды куткаруу учуру.

Германиянын «Sea-Eye» коомдук уюму Жер ортолук деңизинен дагы 44 кишини, анын ичинде үч баланы куткарышты. Бул акыркы эки күндө куткарылган мигранттардын экинчи бөлүгү. Дүйшөмбү күнү Ливиянын жээгинде алар 68 мыйзамсыз мигрантты куткарып, Мальтанын деңиз аскерлерине өткөрүп беришкен. Андан ары аларды Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнө жөнөтүшмөкчү. Мигранттардын көбү - Сириядан, Ливиядан, Пакистандан, Бангладештен жана Гвинеядан жер которгондор.

Акыркы жылдары Африка менен Жакынкы Чыгыштан түмөндөгөн качкындар Европага агылган. Бир тобу Жер ортолук деңизинен өтүүгө аракет кылган учурда каза табышкан. Еврошаркеттин айрым өлкөлөрү качкындарды кабыл алуудан баш тартышууда.

XS
SM
MD
LG