Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:57

Балбан Бакдаулет Эгембердиев уландар арасында Азия чемпиону болду


Архив. Бакдаулет Эгембердиев Азия чемпионатынын чейрек финалында. Ташкент, 11-май, 2018-жыл.
Архив. Бакдаулет Эгембердиев Азия чемпионатынын чейрек финалында. Ташкент, 11-май, 2018-жыл.

Кыргызстандык жаш балбан Бакдаулет Эгембердиев күрөш боюнча уландар жана кыздар арасындагы (кадеттер) Азия чемпионатында алтын медаль тагынды.

Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү (UWW) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Азия чемпионаты 4-июлдан 7-июлга чейин Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп, байгелер грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыздар күрөшүнөн ойнотулду.

Эгембердиев 5-июлда грек-рим күрөшүнөн 71 килограмм салмакта күч сынашты. Алгач чейрек финалда жапониялык Лори Кошибаны, жарым финалда тажикстандык Шероз Очиловду 9:1 эсебинде жеңип алды. Финалда ирандык Реза Ражаб Али Саки менен таймашып, 5:2 эсебинде жеңишке жетип Азия чемпиону аталды. Бакдаулет Эгембердиев былтыр Ташкентте өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль тагынган.

Быйылкы Азия чемпионатынан кыргыз балбандары Эгембердиевдин алтын байгесинен сырткары үч күмүш жана 10 коло байгеге ээ болушту. Күмүш байгелерди грек-рим күрөшчүлөр Раззак Бейшекеев (45 кг), Бекзат Орункул уулу (80 кг) жана эркин күрөшчү Самаган Улан уулу (51 кг) алды. Коло байгелерге эркин күрөштөн Дастан Урматбек уулу (45 кг), Шамил Калматов (55 кг), Нурман Умаров (71 кг), грек-рим күрөшчүлөрдөн Улукбек Сансызбаев (48 кг), Давран Садыков (110 кг), кыздар күрөшүнөн Назик Мирлан кызы (43 кг) Бермет Нуридин кызы (46 кг), Бурулсун Бекболотова (57 кг), Дилназ Сазанова (61 кг) жана Нурзат Нуртаева (69 кг) ээ болду.

Эркин күрөшү боюнча таймаштарга 17 мамлекеттин, грек-рим күрөшүнөн 14 мамлекеттин, кыздар күрөшүнөн тогуз мамлекеттин балбандары катышты. Командалык эсепте Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы 97 упай менен 5-орунда, грек-рим күрөшү боюнча команда 137 упай менен 3-орунда, кыздар күрөшү боюнча команда 110 упай менен 7-катарда жайгашты. (ECh).

XS
SM
MD
LG