Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

Туск: Карабак маселеси эл аралык эрежеге ылайык гана чечилет


Дональд Туск менен Илхам Алиев.
Дональд Туск менен Илхам Алиев.

Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Тусктун айтымында, Евробиримдик Армения менен Азербайжандын ортосундагы көптөн бери келе жаткан Карабак маселесин чечүүнүн жалгыз жолу – аны эл аралык принциптерге ылайык жөнгө салуу деп эсептейт.

Бул тууралуу Дональд Туск 9-июлда Бакуда Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолуккандан кийин билдирди:

- Евробиримдик Азербайжандын эгемендигин, өз алдынчалыгын жана аймактык бүтүндүгүн колдойт, - деди Туск. - Аймактагы туруктуулук тууралуу айтканда, биз Тоолуу Карабак маселесин да талкууладык. Ал аскердик жол менен чечилбейт.

Ал эми Алиев Тусктун сапары эки тараптуу өнөктөштүктү жаңы деңгээлге көтөргөнүн белгиледи.

Азербайжан менен Армениянын ортосунда Тоолуу Карабак жаңжалы тутанганына чейрек кылымдан ашып калды. 1988-94-жылдар ортосундагы уруштан соң Тоолуу Карабак Азербайжандан бөлүнүп кеткен.

30 миңдей кишинин өмүрүн алган бул чатакты жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек.

XS
SM
MD
LG