Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:02

Европа өлкөлөрү Иранды өзөктүк келишимди сактоого үндөштү


Европа Биримдигинин желеги.
Европа Биримдигинин желеги.

Ирандын 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк программасына кол койгон Европа мамлекеттери Тегеранды уран байытуунун деңгээлин көтөрүү тууралуу чечимин кайра карап көрүүгө жана келишимге кол койгон бардык мамлекеттерди тез арада чогулууга чакырды.

9-июлдагы биргелешкен билдирүүсүндө Германия, Британия, Франция жана Европа Биримдиги Ирандын келишимдеги айрым милдеттенмелерин аткаруудан баш тартканына терең кабатырлануусун билдирген.

Алар билдирүүдө Иран келишимден чыкпоону каалай турганын да белгилеп, тараптарды чыңалууну төмөндөтүү боюнча жоопкерчиликтүү кадам жасоого чакырышкан.

Иран уран байытуунун деңгээлин 2015-жылкы өзөктүк келишимде белгиленген 3,67% чектен ашырып, 8-июлдан тарта 4,5% чейин көтөрдү.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар алынышы керек эле.

Бирок былтыр президент Дональд Трамп келишимде Ирандын ракеталык программасы жана Жакынкы Чыгыштагы күмөндүү аракеттери эске алынбай калганын жүйө кылып, АКШ макулдашуудан чыгаарын жарыялаган. Ага улай Иранга салынган санкциялар кайра жандандырылып, Вашингтон менен Тегерандын ортосунда чыңалуу күчөдү.

АКШнын өнөктөштөрү Франция, Германия жана Британия Тегеранды санкциялардан бошоткон келишимди сактоого Вашингтонду үндөп, бирок көндүрө алган жок.

Тегеран Европа мамлекеттеринен ал келишимди сактап калуу боюнча чыныгы аракеттерди күтө берип чарчагандыктан анын айрым шарттарын мындан ары аткарбай турганын эскерткен.

XS
SM
MD
LG