Чүй облусунун Токмок шаарында 100дөн ашык кишинин жапырт ууланышына сальмонеллез инфекциясы себеп болгон. Бул тууралуу лабораториялык анализдин жыйынтыгына таянуу менен Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 29-июнда тойго баргандан кийин уулангандардын ичинен азыр он киши дарыланууну улантууда.
Өткөн аптада Токмоктогу үлпөт тойго келген 250дөн ашык кишинин 178и өзүн начар сезип дарыгерлерге кайрылган, анын 78и ооруканага жаткырылган. Окуядан кийин жапырт уулануунун чоо-жайы иликтене баштаган. Анын жыйынтыгында той өткөн «Мегаполис» рестораны убактылуу жабылды.