Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:35

«PEN International» уюму Казакстанды сындады


Казакстан. Алматы шаары. 6-июль, 2019-жыл.
Казакстан. Алматы шаары. 6-июль, 2019-жыл.

Адам укуктарын жана эркиндигин коргоо менен алектенген эл аралык «PEN International» уюму Казакстанда митингге чыккандардын күч менен кармалышын сынга алды.

Аталган уюмдун 9-июлдагы билдирүүсүндө, казак бийлигине жарандардын тынч жыйын өткөрүшүнө шарт түзүүгө чакырык ташталган. Мындан тышкары «9-июнда президенттик шайлоого нааразылык билдирип митингге чыккан миңдеген киши бийликтин бутасына алынды» деп жазылган.

«PEN International» уюму тынч митингге келгендерди жапырт түрдө кармоону адамдардын боштондугу менен укугун тебелөө, оппозициянын үнүн күч менен басуу аракети катары сыпаттады.

Казакстанда акыркы жолу 6-июлда, баш калаа Нур-Султан негизделген күн белгиленген учурдагы акцияларда жүздөгөн киши кармалган. Ага чейин президенттик шайлоого нааразылык да күч менен басылган.

Казак бийлигинин акцияларды басуу аракетин буга чейин ЕККУ, «Human Rights Watch» жана БУУ сындап чыккан.

XS
SM
MD
LG