Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47

Депутаттын уулу катышкан жол кырсыгынын күбөлөрү изделүүдө


Кырсык болгон жерде тартылган сүрөт.
Кырсык болгон жерде тартылган сүрөт.

ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы (ЖКККБ) 7-июль күнү таңга маал Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылынын жанында болгон кырсыктын күбөлөрүн издеп жатат. Бул тууралуу маалыматты башкармалыктын басма сөз катчысы Тилек Оторов өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырды. Окуяны көргөн-билгендер кырсыктын себептерин так аныктоо, объективдүү иликтөө үчүн изделип жатканы белгиленген.

Жол кырсыгы 7-июль күнү таңга маал Бактуу-Долоноту айылынын жанында болгон. BMW X7 үлгүсүндөгү автоунаа «Lexus ES» менен кагылышып, жалпысынан төрт киши каза болгон. BMW X7 машинесинде бараткан Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков жана айдоочу жабыркаган.

Милициянын баштапкы маалыматында BMW Х7 Каракол тарапты көздөй бара жатып, каршы тилкеге чыга калган «Lexus» менен кагылышканы айтылат. Буга чейин каза болгон балдардын жакындары кылмышты жаап-жашыруу аракети болуп жатканын айтып «Азаттыкка» кайрылышкан.

ЖКККБ кырсыктын күбөлөрүн 0312 - 630900, 630901; 03922 54505, 54550; 0705755988 номерлерине чалууну өтүнөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG