Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 17:57

Ысык-Көлдө эки адам аракка ууланып каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл районунун Бает айылынын 37 жана 59 жаштагы эки тургуну аракка ууланып каза болду. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, экөө чогуу отуруп спирт ичимдигин ичип, үйлөрүнө кеткен. Эртең менен ойгонбой калган. Бул маалыматты облустук милициянын басма сөз кызматы да ырастады. Окуя 6-июлда болгон.

Маркумдар жерге берилди, алардын биринин туугандары медициналык экспертизадан баш тартышкан. Ал эми экинчи адамдын үй-бүлөсү сөөктү экспертизага берген. Баштапкы маалыматтарга ылайык, бул эки жаран алкоголдук интоксикациядан улам ууланып каза тапкан. (KS)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG