Ош шаарындагы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв мектеби БУУнун Баңгизатка жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан толук реконструкцияланып, жаңыланды. Башкармалыктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү «Азаттыкка» маалымдагандай, спорт мектебин оңдоо уюмдун «Жашоого кир» деп аталган долбоорунун алкагында ишке Катар өлкөсүнүн каржылык колдоосунда ишке ашты. Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы олимпиадалык резерв мектебинин футбол, волейбол, баскетбол ойнолуучу эки чоң залын, кийинүүчү жайы менен машыктыруучулардын бөлмөлөрүн жаңылоого 25 миң доллардан ашуун каражат сарпталган. Мындан тышкары, долбоордун алкагында машыктыруучуларды окутуу иштери да жүргүзүлгөн.
Ош шаарындагы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв мектеби 1989-жылдан бери капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн эмес. Мектепте 275 бала спорттун 8 түрү менен акысыз машыгат.
Ош шаарындагы борбордук стадион да быйыл ремонттолуп, жаңыланган.(MdN)