Бириккен Улуттар Уюмунун өзөктүк ишмердикке байкоо жүргүзүүчү органы Иран маселеси боюнча 10-июлда чукул жыйын өткөрөт. Бул Тегеран 2015-жылы дүйнөлүк державалар менен түзүлгөн өзөктүк программасы боюнча келишимдеги шартты экинчи ирет бузгандан кийин болуп отурат.
Эл аралык атомдук энергия агенттигинин (МАГАТЭ) башкаруучулар кеңешинин жыйыны АКШнын өтүнүчү менен 10-июлда Венада өтөт.
Иран уран байытуунун деңгээлин 2015-жылдагы өзөктүк келишимде белгиленген 3,67% чектен ашырып, 8-июлдан тартып 4,5% чейин көтөрдү.
2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар алынышы керек эле.
Бирок былтыр президент Дональд Трамп келишимде Ирандын ракеталык программасы жана Жакынкы Чыгыштагы күмөндүү аракеттери эске алынбай калганын жүйө кылып, АКШ макулдашуудан чыгарын жарыялаган. Ага улай Иранга салынган санкциялар кайра жандандырылып, Вашингтон менен Тегерандын ортосунда чыңалуу күчөдү.
Тегеран Европа мамлекеттеринен ал келишимди сактап калуу боюнча чыныгы аракеттерди күтө берип чарчагандыктан анын айрым шарттарын мындан ары аткарбай турганын өткөн айда эскерткен.