Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

Балбан Нуржигит Кеңешбек уулу Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды


Күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатынын финалдык беттеши. Нуржигит Кеңешбек уулу менен Бахрам Тайяр Маруфхани Имчех. Чонбури шаары, Тайланд. 9-июль, 2019-жыл.
Күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатынын финалдык беттеши. Нуржигит Кеңешбек уулу менен Бахрам Тайяр Маруфхани Имчех. Чонбури шаары, Тайланд. 9-июль, 2019-жыл.

Кыргызстандык балбан Нуржигит Кеңешбек уулу күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды. Мелдеш ушу тапта Тайланддын Чонбури шаарында өтүп жатат.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун сайтындагы маалыматына ылайык, Нуржигит Кеңешбек уулу грек-рим күрөшүнөн 67 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты.

Алтын байге үчүн болгон беттеште Кеңешбек уулу ирандык Бахрам Тайяр Маруфхани Имчех менен күч сынашып, 6:0 эсебинде жеңилди. Жыйынтыгында ирандык балбан Бахрам Тайяр Маруфхани Имчех Азия чемпиону атыкса, Нуржигит Кеңешбек уулу күмүш медалдын ээси болду.

Буга чейин Кеңешбек уулу мелдешти чейрек финалдан баштап, алгач кореялык Минсеоң Практы 11:2 эсебинде, жарым финалдык беттеште өзбек балбаны Умиджан Акхраровду 4:3 эсеби менен жеңди.

Нуржигит Кеңешбек уулунун күмүш байгеси - аталган мелдештеги Кыргызстандын курама командасынын капчыгындагы экинчи медаль. Турнирдин биринчи күнүндө грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта күрөшкөн Акылбек Талантбеков күмүш медаль утту.

9-июлда башталган күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионаты 14-июлга чейин уланат. Балбандар грек-рим күрөшүнөн сырткары эркин күрөштөн жана кыз-келиндер күрөшүнөн күч сынашат. (GT)

XS
SM
MD
LG