Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:30

Германиянын Кыргызстанда төрөлгөн жараны Донбасста согушканы үчүн соттолду


Донбасстагы украин жоокерлери.
Донбасстагы украин жоокерлери.

Германиянын Кыргызстанда төрөлгөн жараны Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдердин катарында согушканы үчүн шарттуу соттолду.

Дортмун шаарынын соту 43 жаштагы Д.Алексти «мамлекеттик коопсуздукка коркунуч жараткан» деп тапты.

Ал өзү да Украинанын чыгышында орусиялык күчтөрдүн катарында эки жыл согушканын моюнга алып, Донбасстын аймагындагы ооруканаларды кайтарганын айткан.

Алекс Германияга жикчилдерден көңүлү калгандан кийин кайтып келгенин билдирген.

Бул - Чыгыш Украинадагы жаңжалдарга аралашканы айтылган адамдарга байланышкан Германиядагы экинчи соттук жараян.

Февралда Мюнхенде Германиянын жараны Сергей Киселев Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдердин катарында согушканы үчүн 2,5 жылга соттолгон.

XS
SM
MD
LG