Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Миллиардердин уулу өлгөн жол кырсыгы боюнча шектүү кыргызстандык эки айга камалды


Москва шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Москва шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын борбору Москва шаарынын Таган райондук соту 9-июлда кыргызстандык таксистти эки айга камакка алды. Ал адам өмүрүн кыйган жол кырсыгы үчүн күнөөлөнүп жатат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, 1996-жылы Баткен облусунда туулуп-өскөн кыргызстандык жаран Москвада таксист болуп иштеген. Ал 8-июлга караган түнү Москвада жол кырсыгына кабылган.

Таксисттин автоунаасы менен кагылышкандан кийин каза тапкан мотоциклдин айдоочусу орусиялык миллиардер Владимир Маруговдун уулу Александр болуп чыккан.

Жол кырсыгы тууралуу видеодо катуу ылдамдыкта келе жаткан мотоцикл солго бурулганы жаткан таксиге урунуп, андан соң эки транспорт тең өрттөнүп кеткенин көрүүгө болот.

XS
SM
MD
LG