Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2021 жума, Бишкек убактысы 14:31

Ошто көмүскө сойкукана уюштуруу фактысы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарындагы кичирайондордун биринде сойкулук уюштурган көмүскө жай аныкталды. Аны уюштуруучулар укалоо (массаж) салону катары көрсөтүп келишкен. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, жергиликтүү тургундар күмөн ойлорду жараткан мекемени текшерүүнү суранып ички иштер органдарына арыз менен кайрылышкан.

Топтолгон материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Жазык кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүмү («Сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү») боюнча сотко чейинки иликтөө башталды.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында бир нече киши кармалган. Төрт аял тергөө органдарына жеткирилип, алардын көбү башка аймактардан келгени маалым болгон. Бирөө бул ишти уюштурган деп шек саналууда.

Тартип коргоо органдары шектүү жайлардын сойкукана экенин ашкерелөө кыйынга турарын белгилешет. Коомчулукта аларды калкалаган же иштеткен адамдардын арасында аткаминерлер, тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү бар экени айтылып жүрөт. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG