Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 16:53

Грекия: катуу шамалда чет өлкөлүк туристтер ажал тапты


Иллюстрациялык сүрөт.

Грекиянын түндүк-чыгышындагы Халкидики жарым аралында катуу шамалда кеминде алты чет өлкөлүк турист өлдү. «Reuters» маалымат агенттиги алардын экөө Орусиянын жарандары экенин кабарлады. Ага ылайык, эки жашар уулу менен жүргөн кишини бак басып калган. Грек жалпыга маалымдоо каражаттары ажал тапкандардын арасында Чехиянын жана Румыниянын жарандары да бар экенин жазышты.

Шамалдан жүздөн ашуун адам жабыркады. Жергиликтүү бийлик жарым аралда чукул кырдаал жарыялады.

Шамалдын алдында Грекияда күн катуу ысып, абанын температурасы 40 градустан ашып жаткан.

Катуу шамал Испаниянын түндүгүндө, Франциянын түштүгүндө, Италияда жана бир катар балкан өлкөлөрүндө да болду.

XS
SM
MD
LG