Иран Перс булуңунда мунай ташып бараткан Британиянын танкерин беш кеме менен кубалап, колго түшүргөнгө аракет кылды. Бул тууралуу АКШнын бийлик өкүлдөрүнө шилтеме кылып «Reuters» маалымат агенттиги жазды. Ага ылайык, ирандыктар «British Heritage» танкерине өздөрүнүн аймагындагы жээкке токтоо тууралуу буйрук беришкен, бирок британ күзөт кемеси жардамга келип, абага америкалык тик учак көтөрүлгөндөн кийин гана иран кемелери артка чегинген. Британия бул окуя тууралуу азырынча комментарий бере элек.
Буга чейин Тегеран эгер Гибралтардын жанында кармалган иран танкерин Лондон бошотпосо британ кемелерин кармап алышарын эскертип келген.
Британия Иранды «эл аралык санкцияга карабай Сирияга Башар Асаддын диктатордук режимине май ташыйт» деп күнөөлөп келет.
АКШнын өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, Перс булуңундагы британ танкерин кубалап, кармап алууга аракет кылган кемелер Иран революциясынын сакчылар корпусуна таандык. Вашингтон бул уюмду Оман булуңундагы кемелерге коюлган чабуулга байланыштуу да айыптаган.
АКШ өнөктөштөрү менен Перс булуңундагы коммерциялык жүк ташыган кемелерди коргоп-күзөтүү боюнча флотилия түзүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатат.