Чүй облусундагы мушташ чыккан Восточное айылында элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Азыр абал тынч. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн облустагы өкүлү Алтынбек Намазалиев билдирди:
- Элди ар кандай чагымчыл маалыматтарга алдырбоого чакырып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Абал тынч эле.
Буга чейин Искра айыл өкмөтүнө караган Восточное айылында 10-июлда коңшулардын суу талашы мушташка чейин жетип, андан үч киши жабыр тартып ооруканага жеткирилген. Алардын экөө ата-бала, бирөө урушкандарды ажыраткан айыл тургуну. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Ахмедова алар амбулатордук жардам алгандан кийин үйлөрүнө жиберилгенин билдирди. Анын айтымында, мушташ жергиликтүү тургундардын бири ичүүчү суу менен огородду сугаргандан кийин келип чыккан. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары окуя болгон жерге барып кабар алды.
Милициянын айтымында, окуя «Бейбаштык» беренеси менен Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейин өндүрүш иштери башталды. Шектүү катары эки киши кармалган. Милициянын маалыматына караганда, учурда үчөө ооруканада.
Мушташка кыргыз-дунган улутундагы коңшу жашаган жарандар аралашканы айтылууда. Тартип коргоо органы муну улут аралык чыр деп атоого болбой турганын билдиришти. (КЕ)