Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

Путин менен Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү


Украинанын президенти Володимир Зеленский жана Орусиянын лидери Владимир Путин.
Украинанын президенти Володимир Зеленский жана Орусиянын лидери Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын лидери Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү. Кремлдин маалымат кызматы кабарлагандай, сүйлөшүүнү украин тарап сунуштаган.

Кремлдин билдирүүсүндө «Украинанын чыгышындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча суроолор жана эки тарапта тең кармалып тургандарды бошотуу боюнча биргелешип кызматташуу маселелери талкууланды. Эксперттердин деңгээлинде сүйлөшүүлөрдү улантуу келишилди», - деп жазылган.

Зеленскийдин администрациясы телефондук сүйлөшүү тууралуу комментарий бере элек.

8-июлда Владимир Зеленский Путинге Минскиде жолугушууну сунуштаган. Бул тууралуу ал өзүнүн атайын видеокайрылуусунда айткан. Путин 11-июлда жасаган билдирүүсүндө, эгер Зеленский Украина чыгышындагы өзүн «Луганск элдик республикасы», «Донецк элдик республикасы» деп атап алган аймактардын лидерлери менен жолугушуп, аларды жикчилдер деп атабаган шартта гана жолугарын айтты. Ал «жогорку деңгээлдеги жолугушууларга мыкты даярдык керектигин» кошумчалады.

XS
SM
MD
LG