Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:20

Түркияда киши колдуу болгон жигиттин сөөгү алынып келет


Түркиянын Анталия шаарындагы эс алуу жайларынын бири.
Түркиянын Анталия шаарындагы эс алуу жайларынын бири.

Түркияда киши колдуу болгон кыргызстандык жигиттин сөөгү бүгүн, 12-июлда мекенине жеткирилет.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, маркум Мухтарбек Иманалиевдин өлүмүнүн чоо-жайы иликтенип жатат. Кыргызстандын расмий өкүлдөрү Алания шаарынын прокуратурасына кайрылып, окуяны дыкат иликтеп чыгууну өтүнгөн.

23 жаштагы Мухтарбек Иманалиев 7-июлда Алания шаарында өзү тарапты көздөй атылган октон каза тапкан. Күбөлөр жана полиция ага жаңылыш ок тийгенин, кылмышка шектүү мас абалында аялдамада турган башка адамды мээлеп, бирок Иманалиевди атып алганын билдиришкен.

Мухтарбек келинчеги менен Кыргызстандан Анталияга барып иштеп жатканына 1,5 ай болгон.

Аланиянын прокуратурасы окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүү катары 40 жаштагы жергиликтүү адам кармалган.

Расмий маалыматка караганда, Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өткөн. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, окуп же эмгектенет.

2018-жылы Түркиядан Кыргызстанга 15тей «Жүк 200» жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG