Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 03:55

Каримованын кызы президенттен апасын бошотууну өтүндү


Гүлнара Каримова

Өзбекстан ИИМнин Жаза аткаруу башкы башкармалыгы 7-10-июлда абактагы Гүлнара Каримовага кызы Иман менен жолугууга шарт түзүлгөнүн билдирди.

Жолугушуудан соң Иман Каримова апасынын кан басымы көтөрүлүп, абалы начарлап жатканын, чукул арада операция жасоо зарылдыгын "Инстаграм" барагына жазды.

Өлкө президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылып, апасын бошотууну өтүндү.

Каттын аягында Иман Каримова кайдыгер карабаган өзбекстандыктарды да Гүлнара Каримованы бошотуу чакырыгына кошулууга үндөдү.

Каримовага 2015-жылы Швеция, Швейцария менен АКШда кылмыш иштери козголуп, миллиард доллардай каражатты өздөштүрүп алган деп айыпталган. Бул акчаны ага Өзбекстанда Интернет менен камсыз кылууну көздөгөн алты телекоммуникациялык компания пара катары бергени айтылган.

2017-жылы атасы көз жумгандан кийин Каримова Өзбекстанда «Салык төлөөдөн качуу», «Акча уурдоо», «Опузалоо» жана «Офшордук компаниялардын документтерин жок кылуу» беренелери боюнча 10 жылга эркинен ажыратылган.

Кийин үй камагына которулуп, бирок 2019-жылы мартта үй камагынын тартибин бузган деген айып менен Ташкент облусундагы абакка киргизилген.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG