Түркиянын Коргоо министрлиги С-400 зениттик-ракеталык комплексинин бир бөлүгү Орусиядан 12-июлда алып келингенин, калганы жакынкы күндөрү жеткирилерин билдирди.
Бул келишим Вашингтон менен Анкаранын мамилесин чыңалткан негизги маселелердин бири. Кошмо Штаттар буга чейин НАТОдогу өнөктөшү Түркияны С-400 боюнча келишимден 31-июлга чейин баш тартышы керектигин билдирип келген. Андай болбосо Анкарага F-35 истребителдерин сатпай коерун эскерткен.
АКШ жана Түркия президенттери июнда Осакадагы "Чоң жыйырманын” саммитинде жолукканда да Дональд Трамп Режеп Тайип Эрдоганды орусиялык куралдан баш тартууга үндөгөн.
Вашингтон орусиялык комплекстин ордуна америкалык “Патриот” ракеталык системасын сатып алууга чакырып келет.