Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:47

Алматыда активисттер Билашты бошотууну талап кылып чыгышты


Билашты колдоп чыккан активисттер. 12-июль, 2019-жыл.
Билашты колдоп чыккан активисттер. 12-июль, 2019-жыл.

12-июлда Алматыда жарандык активисттер тобу “Ата Журт ыктыярчылары” аттуу катталбаган бирикменин жетекчиси Серикжан Билашты бошотууну талап кылып чыгышты.

Билаш «улут аралык кастыкты козгоого» шектелип кармалган. Төрт айдан бери үй камагында.

Активисттердин бири «Серикжан Билаш эл баатыры. Кытай менен ооз жалашкан жемкор бийликке каарманыбызды кордотпойбуз» деген плакат кармап турат. Дагы бири «Серикжанды кордоо – бүткүл казакты кордоо» деген жазуу менен чыккан.

Чогулгандар президент Касым-Жомарт Токаевди маселеге көңүл бурууга, эл аралык уюмдарды Билашты бошотууга жетишүүгө чакырышты.

Кытайдан келген кайрылман, казак жараны Серикжан Билаш айыптарды четке кагып, саясий негизде күнөөлөнүп жатканын айтып келет. Билаш Кытайдын Шиңжан аймагында кайра тарбиялоо лагерлерине кармалган казактардын таламын талашып, түрдүү акцияларды, маалымат жыйындарын өткөрүп жүрөт.

XS
SM
MD
LG