Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:25

Украина Радасы химиялык кастрацияны колдоду


иллюстрация
иллюстрация

Украина Жогорку Радасы 11-июлда педофилдерди химиялык кастрация кылууга уруксат берген мыйзам кабыл алды.

Ага ылайык, кастрация хирургиялык жол менен жасалбайт. Ийне сайып, белгилүү бир убакытка чейин жыныстык каалоону басаңдатууну караштырат.

Процедура 18ден жаш, 65тен кары адамдарга колдонулбайт.

Мыйзамда жашы жетелек адамды зордуктаганы үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратуу да каралган.

Химиялык жол менен мажбурлап бычуу АКШ, Британия, Канада, Дания, Франция, Германия, Израил жана Казакстанда уруксат берилген. Кыргызстанда да педофилдерди химиялык кастрациялоо маселеси мезгил-мезгили менен көтөрүлүп келет. Атүгүл Жогорку Кеңеште 2013-жылы Казакстандагыдай мыйзам долбоору иштелип чыгып, ал кездеги президент аны четке каккан.

XS
SM
MD
LG