13-июлда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36;
Таласта түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;
Нарында түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 34…36 градус болот.