Баткен облусуна караштуу Исфана шаарында жашаган үч жарандын короосунан баңгизаттын “көк нары” түрү өсүп турганы аныкталды.
Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Өсүмдүктү таразага тартканда жалпы салмагы 50 килограммга жакын болгон. Азыркы күндө бул фактыларды Лейлек милициясы Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки териштирүү ишин баштады. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. (JsA)