13-15-июлда күндүн ысышына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Аба ырайы:
Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37;
Таласта түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…18, күндүз 23…28;
Нарында түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 34…37 градус болот.