Франция быйыл сентябрь айында Космостук аскерлердин улуттук командачылыгын түзөт. Бул тууралуу француз президенти Эммануэл Макрон Франциянын улуттук майрамы - Бастилияны алган күндүн алдында билдирди. Анын айтымында, мындай аракет өлкөнүн космостук дараметин арттыруу максатында жасалууда.
Макрон сентябрда уюшулушу пландалып жаткан аскердик түзүм Франциянын Аскер-аба күчтөрүнүн курамында болуп, кийин Аскердик, аба, космос күчтөрү катары өзгөрөрүн кошумчалады.
Быйыл жыл башында космостук аскерлерди АКШ түзгөн. Америка президенти Дональд Трамп кол койгон жарлыкка ылайык, бул түзүмдүн курамына 20 миңге чейин аскер кирери кабарланган.