Жөө күлүктөр Дарья Маслова жана Нурсултан Кеңешбеков Олимпиада оюндарынын чемпиону Татьяна Колпакованын байгесине арналган мелдештин жеңүүчүлөрү болду. Турнир ушу тапта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жатат жана 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарына лицензиялар ойнотулууда.
Мелдеште Дарья Маслова кыз-келиндер арасында 5000 метр аралыкка жарышка чыгып, 16 мүнөт 12 секунд көрсөткүчү менен мара сызыгына биринчи келди. Ошого карабай олимпиадалык жолдомо алууга Дарьяга 30 секунд убакыт жетпей калды. Ушул эле аралыкты 16 мүнөт 15 секундада чуркап өткөн Виктория Полюдина күмүш байгенин ээси болду. Коло медалды Гүлшанай Саттарова тагынды. Анын көрсөткүчү 16 мүнөт 15 секунд болду.
Мырзалар арасында 5000 метр аралыкка чуркоодо 14 жөө күлүктүн арасынан Нурсултан Кеңешбеков алтын медалдын ээси болду. Ал мерчемделген аралыкты 14 мүнөт 29 секундда чуркап өттү. Экинчи орунду 14 мүнөт 46 секунд көрсөткүчү менен индиялык спортчу Ажид Кумар ээледи. 14 мүнөт 49 секунд көрсөткүчү менен дагы бир индиялык жөө күлүк Рахул Рахул коло байгенин ээси болду.
Мелдештин биринчи күнүндө тоскоолдуктар менен 100 метрге чуркоо, узундукка секирүү, 1500 метр, 10 миң метр аралыктарга чуркоо боюнча таймаштар өттү.
Мелдеш 13-июлда, башталып ага Кыргызстандан, Өзбекстандан, Индиядан, Казакстандан жана Тажикстандан 200гө жакын жеңил атлеттер катышып жатат. Азырынча эч бир өлкөнүн спортчулары олимпиадалык жолдомо ала элек.